Ошто кримтөбөл Дженго кармалды

Ош шаарында бүгүн, 15-октябрда "Дженго" каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу бул окуяга күбө болгон өз кабарчысына таянуу менен "Азаттык" билдирди.

Басылма билдиргендей, күч органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган адам Кадыр Досоновго окшош болгон.

Ош шаарынын ИИББ белгилешкендей, аларда кримтөбөлдүн кармалгандыгы боюнча маалымат жок. Бирок, кармоо операциясын ИИМ же УКМК бөлүмдөрү жүргүзгөн болушу мүмкүн.

Кадыр Досонов буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда милициянын полковниги Толкун Шоноевдин өлүмүнө шектелип 2015-жылы кармалган, бирок, кийин акталып чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД