Президентке өлкөдөгү түндүк-түштүккө бөлүнүү маселесин чечүү сунушу берилди

Жарандык активист Нурланбек Койлубаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Кыргызстанда түндүк-түштүккө бөлүнүү маселесин кантип чечүү сунушун берди. Бул тууралуу ал өзү кайрылып, VB.KG редакциясына билдирди.

Төмөндө анын кайрылуу тексти берилет:

"Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Азыркы убакта Кыргызстан Түндүк жана Түштүк болуп эки тарапка бөлүнөт, бул өз кезегинде Кыргызстандын аймагын экиге бөлүү коркунучун түзүүдө. Өлкөбүздүн ушундай бөлүнүп калышына кызыккандар чет жактарда да бар.

Кыргызстандын аймагынын бүтүндүгүн сактоо максатында, мен өлкөбүздүн аймагын жагашкан тарабына жараша бөлүүнү сунуш кылам: Түндүк, Түштүк, Чыгыш-Батыш, Түндүк-Чыгыш, Түндүк-Батыш, Түштүк-Чыгыш, Түштүк-Батыш деген сыяктуу кылсак, баардыгы 7 тарап болот.

Ушундай абалда Кыргызстанды Түндүк жана Түштүк деп бөлүү түшүнүгү убакыттын өтүшү менен толук жоголот жана бөлүнбөс мамлекет түзүлөт. Менин сунушумду карап көрүүңүздү өтүнөм", - деп жазган активист.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД