Ысык-Көлдөгү улутташтарылыган пансионаттардын үрөйдү учурган абалы

Депутат Эльвира Сурабалдиева мамлекет тарабынан ар кайсы жылдары улутташтырылган пансионаттардын кандай абалда калгандыгын Твиттерде фотосүрөттөрдү жарыялап көрсөттү.

Сурабалдиева билдиргендей, бул күндөрү Ысык-Көлдө депутаттардын көчмө жыйыны өтүүдө.

-Улутташтырылган пансионаттардын, тактап айтканда алардын азыркы абалы – үрөйдү учурат. Ушуну менен бирге түшкөн кирешенин кайда жумшалып жатканы да күдөмүк ойду туудурат. "Алтын кум", "Витязь", "Рохат" жана башка пансионаттарына барып көрдүк. Мамлекет буларды биротоло талкалап, ал эми аткаминерлер акыркыларын талап алышууда, - деп фотосүрөттөргө түшүндүрмө берди Эльвира Сурабалдиева.

"Витязь" пансионаты 2010-жылдагы революциядан кийин улутташтырылган. "Алтын кум" пансионаты "Дилором", "Рохат-НБУ" жана "Бустон" пансионаттары менен бирге Өзбекстанга тиешелүү болгон. Ушуну менен бирге "Дилором" пансионатына мамлекет эмес, Өзбекстандык жеке адам ээлик кылган. 2016-жылы Кыргызстандын өкмөтү пансионаттарды мамлекетке кайтарып алуу чечимин кабыл алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД