Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн 14 жаштагы өспүрүм секирип каза болду

Бишкек шаарында 14 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип каза болду. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, 11-октябрда саат 17:55 чамасында Свердлов РИИБге Никитин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен өспүрүм бала секирип кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, өспүрүм 2005-жылы туулган Н.Э. экенин аныкташты. Ал 7-8-кабаттын ортосундагы терезеден секирип кеткен. Өспүрүм жаракаттын кесепетинен ошол жерде көз жумган.

Аталган факт Бишкектеги Свердлов районунун ИИБ Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД