Сооронбай Жээнбеков Баку шаарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бакуга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат.

Эске салсак, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине төрагалык кылуу Кыргызстандан Азербайжанга өтөт. Анда бир катар эки тараптуу жолугушуулар күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД