Атамбаевдин жан сакчысы убактылуу кармоочу жайда калтырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге мамлекеттик күзөттү камсыз кылган УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев Убактылуу кармоочу жайда 9-декабрга чейин калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Сагымбаевдин жактоочусу Бактыбек Автандил уулу билдиргендей, соттун чечими негизи жок чыгарылды.

-Канат Сагымбаев УКМКнын 9-кызматынын кызматкери катары аскер кызматкери статусуна ээ жана "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Канат Сагымбаевди Бишкек гарнизонунун гауптвахтасында кармоого тийиш эле, анткени бул беренеде аскердик кызматкер статусу барлар кайда кармала тургандыгы так жазылган, - деген ишеничте жактоочу.

Эске салсак, Канат Сагымбаев УКМК кызматынан бошотулуп, андан бир нече күн өткөндөн кийин 7-августта Кой-Таштагы окуя учурунда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, баш аламандыкты уюштуруу жана укук коргоо органдарынын ишине тоскоолдук кылуу боюнча шектелип камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД