Жогорку Кеңештин депутаты Улуттук университетти жабууну сунуш кылууда

11-октябрда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйыны өткөрүлүп, Кыргызстандагы салматтык сактоонун учурдагы абылынын маселеси каралды.

Депутат Чыныбай Турсунбеков фармацевдик компанияларга салык жана бажы жеңилдиктери берилгендигине карабастан, башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда дары-дармектерге баанын 3-4 эсе кымбат болуп жаткандыгына нааразылыгын билдирди. Ал өкмөттү дары-дармектердин баасынын токтобой өсүп жаткандыгын токтотууга чакырды.

Ошондой эле Турсунбеков жаш дарыгерлердин көйгөйү жөнүндө айтты. Эл депутаты жаш дарыгер-хирургдар акча иштеп табуу үчүн жүргүнчүлөрдү ташууга мажбур болуп жатышкандыгын билдирди.

-Улуу муундар жаш дарыгерлерди операция жасоого жолотушпайт, анткени операция – бул акча. Жаш дарыгерлер кайда барып окушат, тажрыйбаны кайдан алышат? Саламаттык сактоо министрлиги эмне менен алектенип жатат? Эмне үчүн бул маселелер чечилбейт? – деп эл депутаты министрликтин жетекчисине кайрылды.

Министр Космосбек Чролпонбаев чынында эле мындай фактылар бар экендигин мойнуна алды. Анын маалыматы боюнча, иш стажы жок дарыгер 5 миң сом айлык алат. Бирок министрлик бул көйгөйлөрдү чечүү үстүндө иш жүргүзүп жатат, деп ишендирди ал.

-Мындай көйгөй Бишкекте жана Оштун ооруканаларында гана кездешет. Аймактарда стажы жок дарыгерлердин операция жасоосуна эч тоскоолдук жок. Ошондуктан жаш дарыгерлерди ал жактарга жиберүүгө аракет кылуудабыз, - деди Чолпонбаев.

Жаш дарыгерлерди колдоп башка депутаттар да сөз сүйлөштү.

Евгения Строкова айрым дарыгерлер өздөрүн "жылдыздуу хирург" катары сезип, жаштарга иш бербей жатышканына нааразылыгын билдирди. Бул жаштардын иш издеп чет өлкөлөргө кетип калышынан башка эч нерсе бербейт, деген оюн айтты.

Ал эми Альфия Самигулина жаш муундарга тажрыйбасын жана билимин бергендиги үчүн устаттарга кошумча акча төлөп берүүнү сунуш кылды. Ушундай жол менен медицинада ишти улантуучулук сакталып калат, деди ал.

Анын коллегасы Евгения Строкова окутуу темасын улап, өкмөттүн мүчөлөрүнөн Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде медициналык факултетти ачууга уруксат бербөө өтүнүчүн айтты.

-Бизде жеке ЖОЖдор мамлекеттик жогорку окуу жайларына караганда көп пайда алып келүүдө. Азыркы ректор мындай чечимдери менен абалды ого бетер оорлоштурат. Студенттер аз кабыл алынып, жада калса окутуучуларга айлык акыларын өз убагында төлөп бере албай отурат. Эми ал медициналык факультетти ачуу жолу менен акча тапкысы келип жаткан го. Буга жол берүүгө болбойт. Адегенде ректорду кызматынан алып, анан КМУну такыр жаап салуу керек, - деп билдирди Строкова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД