Батукаевдин иши: Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн Азиз Батукаевдин иши боюнча сот процесси башталып, алдын ала угуулар жүргүзүлдү.

Бул иш боюнча дарыгерлерге, президенттин аппаратынын кызматкерлерине, мурдагы президентке жана аткаминерлерге, баардыгы 19 адамга айып тагылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуп жана өлкөдөн чыгып кетүүсүнө тиешеси бар болгон. 19 адамдын 14тү тергөө менен кызматташууга макулдугун берген.

Белгилей кетсек, бүгүн сотко тергөө менен кызматташуудан баш тарткан мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКтын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана профессор Абдухалим Раимжанов чакырылган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча сотко келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Сергей Слесарев билдирди. Ал буга чейин Алмазбек Атамбаев "ага жүктөлгөн ролду ойнобой тургандыгын айткан" деп эскертти. Алдын ала угуу 14-октябрга жылдырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД