Президент Сооронбай Жээнбеков Ашхабад шаарына учуп келди

Кыргыз Республикасынын президентиСооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда эртең менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп келди. Өлкө башчы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынында Шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери каралат, анын ичинен КМШ өлкөлөрүнүн стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат.

Ошондой эле КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү да күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД