Профсоюздардын төрагасы Асанакунов "калп эле оорумуш болуп" жүрөбү?

Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын төрагасы Асанакунов ооруканада дарыланып жатышы керек эле, анын ордуна эс алып кафешкаларда отурат. Мындай элдик жаңылыкты VB.KG редакциясына окурман жазып жиберген.

-Азыркы убакта Асанакунов Кыргызстандын профсоюздар Федерациясынын кеңешинин мүчөлөрү менен жолуккандан качып жүрөт. Анткени бул кеңеште Федерациянын төрагасын кайрадан шайлоо маселеси каралмак. Асанакунов муну билип алып "калп эле оорумуш болуп", Жогорку Кеңеште мыйзамдын үчүнчү окуудан өтүшүн создуктурууда. Бул фотосүрөттө анын борборубуздагы кафелердин биринде отурганы тартылган", - деп жазган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД