"Акылдуу саатка" байланышкан алдамчылык

-Мен жагымдуу жана пайдалуу товарды сатып алуунун ордуна интернет-алдамчылардын куу амалына туш болуп, акчамдан айрылып жана убактымды короттум, - деп "Вечерний Бишкек" редакциясына арызданып, биздин окурман – бишкектик тургун Нусрет Мамедов кайрылды.

-Башка адамдар да буга окшогон аферистер менен байланышпас үчүн, мен туш келген алдамчылык тууралуу жазгыла, - деди ал.

Нусрет Мусаевичтин айтымында, ал Интернеттен азыркы убакта белгилүү болуп жаткан кол сааттары жөнүндө жарнаманы көрүп калган. Ал "акылдуу" деп аталып, көптөгөн кошумча функциялары бар. Ал аркылуу телефон сыяктуу чалууларды, СМС жазууларды, фотокамерасын башкаруу, басып өткөн аралыкты жана ар бир кадамды саноо менен коротулган калорияны эсептесе болот. Дагы бир маанилүү жагы, кооздолгон жарнамада чоң тамгалар менен: "расмий дилер", "үч жылдык кепилдик берилет" деп жазылган.

-Мына ошондуктан мен аны сатып алууну чечтим, - дейт Мамедов. –Билдирмени толтурдум, мени менен фирманын оператор-кызы байланышып, Кыргызстанда бул сааттарды оңдоо кызматын көрсөтүүчү пункт бар деп ишендирди. Кийинки күнү курьер саатты түз эле үйүмө жеткирип келип, белек катары зарядканы жана кийинки сатып алуулар үчүн 1000 сомдук сертификатты берди. Мен акчасын төлөдүм, ошону менен курьер бат эле кетип калды. Бирок, сааттын кутучасын ачкандан кийин, жарнамада көрсөтүлөгн наушниктин ордуна, арзан баадагы окшош наушникти байкадым. Албетте, мен операторго телефон чалдым. Биринчи жолкусунда менин талабымды жакшылап угушуп, иштин чоо-жайын иликтей тургандыгын убада кылышты, бирок, андан көп өтпөй оператор байланышка чыкпай жоголду, аны менен бирге мен сатып алган саат жөнүндө так жоопту бере тургандар да табылбады. Анын үстүнө мага кепилдик талонун да беришкен эмес эле. Тактап айтканда, мага эч ким эч кандай кепилдик бере албай турган болуп чыкты. Ал эми белек купонунда катталбаган номер көрсөтүлүптүр. Бишкекте бул фирманын кызмат көрсөтүүчү пункту да жок экендиги билинди. Жыйынтыгында кимге талап коюп жана саатты кимге кайтарып бере турган бирөөнү таба албай кала бердим. Кантип эле бул фирма салык төлөбөй жана алдамчылык менен акча таап калсын?

"Вечерний Бишкектин" кабарчысы сатуучу менен байланышка чыгууга аракет кылып көрдү, бирок эч натыйжа чыккан жок. Бул сааттардын жарнамасын Интернеттен азыр да тапса болот. Анын баасынын 50 пайызга арзандатылып калгандагысы да кызык болууда. Мындан эки жума мурда эле биздин окурман бул саатты 5 миң сомго сатып алган, азыр болсо алар эки эсеге арзандатылып отурат. Белгилей кетсек, сайттын толугу менен көрсөтүлүшүнүн ордуна, сатып алуучулардын калтырган номерлери гана берилген. Жарнаманын аягында Москва шаарындагы дареги жазылган. Бирок ушул эле жарнаманы россиялык интернет-аянтчаларынан карап көрсөк, ал жакта такыр башка дарек, эми Ярославлдагысы көрсөтүлүптүр.

Өз укугуңарды коргогуңар келсе:

Бишкектиктер начар тейлөө кызматы же сапаты жок товар көрсөтүлсө, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик Агентствосуна караштуу Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо Башкармалыгына 0 (312) 56-33-05 телефон номери боюнча кайрылса болот.

Расмий түрдө:

Окурмандар Интернет-тармактарда өздөрүн түзүк дүкөндөр катары көрсөтүп алдамчылык менен алектенгендер толтура болуп жаткандыгына көп арызданышууда. Интернет-келишимдерин түзүүдөгү мындай алдамчылыктан кантип коргонуу керек экендигин, "Вечерний Бишкек" редакциясына Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик Агентствосуна караштуу Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо Башкармалыгынан түшүндүрүп беришти.

- Керектөөчлөрдүн укугун коргоо боюнча азыркы мыйзамда, аралыкта туруп товар сатуунун шарты жөнүндө берене бар, - дейт башкармалыктын башчысы Назина Алыкулова. –Бул беренеде керектөөчүгө товар жеткирилген учурда, ал тууралуу жазуу жүзүндө маалымат болушу керек. Ошол эле жерде товардын кепилдиги жана кайтарып берүү мөөнөтү көрсөтүлгөн. Ошондой эле керектөөчү каалаган учурда, товарды алып келгенге чейин жана алгандан кийин 5 күн ичинде ал товардан баш тартууга укуктуу. Эгер товард жеткирилген учурда, анын кепилдиги жана аны кайтарып берүү жөнүндө маалыматы жазуу жүзүндө берилбесе, керектөөчү товарды алган күндөн кийин үч айга чейинки убакта андан баш тартууга укуктуу.

Башкармалыктын адиси кошумчалагандай, товардын көрүнүшү, колдонуу мүмкүндүгү, ошондой эле көрсөтүлгөн товардын сатып алуу шартын тастыктаган документ сакталган болсо, товарды кайтарып берүү мүмкүн болот. Керектөөчүдө товарды сатып алуу фактын тастыктоочу документинин жоктугу, бул сатуучудан товарды сатып алуунун башка далилдерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт. Керектөөчү товардан баш тартуу талабын койгон күндөн тартып, сатуучу ага он күндүн ичинде акча каражатын кайтарып берүүгө тийиш.

-Бүгүнкү күндө интернет-келишимин түзүүдө көп учурларда керектөөчүнүн укугун коргоо, азырынча 100 пайызга иштебей жатат, - деп белгилейт Алымкулова.

– Эгерде жарнама берүүчү Кыргызстандын аймагында болсо, анда аны таап жана шарты жөнүндө сүйлөшүп алуу мүмкүн. Бирок ишкерлер республикадан чет жакта, мисалы, Казакстанда, Россияда, Кытайда жана АКШда болсо, анда сатып алуунун фактын тастыктоо жана кандайдыр-бир талап койуу татаалыраак. Азыркы убакта электрондук соода жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгууда, анда келишим түзүү боюнча керектөөчүнүн да, ошол эле учурда сатуучунун да укугун когоочу тиешелүү нормалар көрсөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД