Чүйдө "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү кармалды

Чүй облусунун ИИББ ыкчам тобунун кызматкерлери Аламүдүн районунун тургунунун үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда, тыйуу салынган "Хизб ут-Тахрир" кыймылына үгүттөө чакырган китептерди, баракчаларды жана брошюраларды табышкан. Бул тууралуу Чүй ОИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун ИИББ ыкчам тобунун кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Сокулук районунан "Хизб ут-Тахрир" кыймылынын жолдоочусу 48 жаштагы Б.К. кармалды. Ал социалдык тармактарга экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып жүргөн.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө экстремисттик уюмдун дагы башка тарапташтары аныкталды. Алар жарандарды үгүттөө менен алектенип жүрүшкөн. Шектүүлөрдүн биринин үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда 6 китеп, 19 баракча табылып, "Аль-Ваъи саясий", "Идарий Топтом", "Халифалык мамлекетиндеги малия" ж.б. материалдар алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып, алынган материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД