Депутат Асель Кодуранова үй камагына алынды

Депутат Асель Кодурановага 7-8-августта Кой-Таш айылындагы болгон окуялар боюнча айып тагылды. Бул тууралуу соцтармактарда жактоочу Замир Жоошев жазган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кече күнү, 9-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодураңова үй камагына алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Депутат 7-8- августта Кой-Таш айылында болгон окуяларда адамдарды барымтага алууга катышууга шектелип жатат. Ал 9-декабрга чейин үй камагында болот.

Тергөөчүлөр эл депутатына телекоммуникациялык байланышты колдонууга жана КСДПнын башка мүчөлөрү менен байланышта болууга тыйуу салуу сунушу сот тарабынан кабыл алынган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД