Россиялык окумуштуу Кыргызстандан көпөлөктүн жаңы түрүн тапты

Кыргызстандын тянь-шандык тоолор бийиктигиндеги экспедиция учурунда илимге белгисиз Eudiaphora tienshanensis (Эудиафора тяншаньская) деп аталган көпөлөктүн түрү табылды. РИАнын Арктиканы комплекстүү изилдөө Федералдык изилдөө борбору уюштурган бул экспедиция үстүбүздөгү жылдын жай айында Кыргызстандын жана Тажикстандын аймагында изилдөө иштерин жүргүзгөн. Анын негизги иштеринин бири Азиянын тоолорунун экосистемасындагы эволюциялык өзгөрүштөрдү, фауногенезди изилдөө болгон.

Памирдин бийик тоолорунун шарттары Арктикага караганда татаал келет, бирок, ал жактын фаунасы ондогон эселеп байыраак болоорун россиялык окумуштуулар белгилешти.

Россиялык музейдин жогоруда айтылган борборунан билдиршкендей, илимий ачылыш бул музейдин илимий кызматкери Виталий Спицын тарабынан жасалган. Ал ошондой эле Тажикстандын аймагындагы Памир орто тоолорунан көпөлөктүн жаңы түрүн таап, жардам берген жергиликтүү жашоочу Нозимджон Махмудовдун урматына аны Eudiaphora turensis nozimdjoni (Эудиафора Нозимджона) деп атаган.

Бирок көпөлөктүн бул жаңы түрүн аныктап, жакында өткөрүлгөн морфологиялык жана генетикалык анализи экспедиция чогулткан үлгүлөр менен дал келиши үчүн убакыт керек болду. Изилдөөнүн жыйынтыктары эл аралык Scopus маалымат базасына кирген Ecologica Montenegrina илимий журналында басылып чыкты.

-Орто Азияда көпөлөктүн жаңы түрүн кармап алуу – чоң ийгилик болуп саналат. Бул регион жакшы изилденген, бирок, учурда билингендей, бул жакта да мурда илимге белгисиз жаңы нерсени табуу мүмкүндүгү бар экен, - деп белгиледи Виталий Спицын.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД