РФ Коргоо министрлигинин сайтында аскер туткундары жөнүндө маалымат чыкты

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигине тиешелүү ОБД "Мемориал" (obd-memorial.mil.ru) сайтында маалыматтардын кезектеги жаңылануусу чыгарылды. Анда аскер туткундарынын карточкалары кошулган.

ОБД "Мемориал" долбоорунун техникалык жетекчиси Виктор Тумаркиндин айтымында, толукталган маалыматтардын ичинде – советтик аскер туткундарынын фин эсеп карточкалары, анын ичинде 1941-1944-жж.. фин лагерлеринде курман болгон Кызыл армиянын аскерлеринин 18727 карточкасы бар. Чыныгы карточкалар Финляндиянын Улуттук архивинде сакталат, ал эми электрондук үлгүсү Россиянын Мамлекеттик аскердик архивине 2018-жылдын башталышында өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары Коргоо министрлигинин сайтында Фин согушуна Кыргызстандан барып, аскер туткунуна түшүп курман болгондор жөнүндө да маалыматтар бар. Эми ким фин туткунунда курман болгон аскерлердин көмүлгөн жерине кызыкса, үйдөн чыкпай эле карточкалар менен таанышса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД