Ак үйдүн айланасындагы орнаментти алмаштыруу сунушталууда (видео)

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бакыт Керимбеков президент Сооронбай Жээнбековду жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековду Ак үйдүн ичиндеги жана айланта тургузулган тосмодогу орнамент жана оюуларга көңүл буруусун өтүнүүдө. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ал өзү айтып берди.

Айтымында, ал бир нече жолу президенттин жана төраганын кабыл алуусуна кирүүгө аракет кылган, бирок, эч натыйжа чыккан эмес.

-Жогорку Кеңештин депутаттарын мен маңкурттар деп атагым келет. Анткени өзүнүн тарыхий эстелигин, рухий баалуулуктарын жана багыттарын, эң башкысы өз эли менен байланышты үзүп койгон адам, сөзсүз ошондой болуп калат. Ак үйдү айланта тургузулган тосмодо кыргызга тиешеси жок орнамент жайгаштырылган. Мына менде Илимдер академиясынын муну далилдеп берген жообу бар. Бул Ак үйдүн ичиндеги орнаменттерге да тиешелүү. Россиянын Мамлекеттик думасынын имаратынын ичин польшалык же германиялык орнамент менен же болбосо Кытайдын парламентин бүт бойдон жунгарлардын оюулары менен кооздоп коюшканын элестетип көргүлөчү. Бул ойго да келбеген иш, анда эмне үчүн биз өзүбүздүн мурасыбызды сыйлабайбыз. Бизде улуттук жана рухий баалуулуктарыбыздын кайрадан жаралышы жөнүндө көп айтылат го, - деди Керимбеков.

Экс-депутат ошондой эле бир мандаттуу шайлоону кайтаруу боюнча 300 миң кол топтоп референдум өткөрүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.

-Бул маңкурттар өздөрүнүн эл алдындагы, ошонун ичинен тарыхий жоопкерчилигин түшүнбөй жатышат. Ошондуктан биз аларды таркатып жана бир мандаттуу шайлоону киргизмейинче, алдыга жылуу болбойт, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД