Прокурордун өлүмүнө айыпталган Калыковдун камакта калуу мөөнөтү узартылды

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталып жаткан Мелис Калыковду убактылуу кармоочу жайда калтыруу мөөнөтү 7-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу VB.KG редакциясына анын эжеси Дамира Калыкова билдирди.

Анын айтымында, Ош облустук соту мындай чечимди 3-сентябрда эле кабыл алыптыр, бирок, ал тууралуу иши тергөөдөгү адамдын өзү да билген эмес.

-Мыйзамды бузуучулук улантылууда! Соттук териштирүү эки жолу биздин, Мамажакыповдун туугандарынын жана жактоочулардын катышы жок эле өткөрүлгөн экен. Менин инимди убактылуу кармоочу жайдан да алып келишкен эмес. Алардын биринде анын камакта калуу мөөнөтүн узартышыптыр, бирок, ал жөнүндө эч ким эч нерсе билген эмес! Жактоочунун колуна да, Мелистин колуна да эч кандай документ беришкен эмес, - деди Калыкова.

Айтымында жактоочу тарап даттануу арызын жазган, ушуга байланыштуу кезектеги сот процесси башка күнгө калтырылды.

Дамира Калыкова ошондой эле алардын жактоочусу сот процессине ММК киргизүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган, бирок, бул ишти карап жаткан судья Жолборс Кудаяров өтүнүчтү кабыл албай койгонун белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД