"Тазалыктын" таланттуулары сейил бакта ырдап таң калтырды (видео)

"Тазалык" ишканасынын таланттуу кызматкерлери "Театральный" сейил багын тазалоо убагында бир нече ырларды аткарып беришти. Мындай видеону соцтармакта ишкананын пресс-катчысы Жибек Каракеева жарыялаган.

Ырды ишкананын жүк ташуучу жумушчусу Адилет Туратбек уулу аткарып, ал эми пианинодо ишкананын мастери Алмаз Арзыкулов ойногону белгилүү болду.

"Тазалыктын" таланттуу кызматкерлери Жолдубай Кайыповдун "Ата-энеме", Ырыспай Абдыкадыровдун "Издейм сени", Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү", Бек Борбиевдин "Тамчы шүдүрүм" деген ырларын мыкты аткарып беришти.

-Айтмакчы, Адилеттин музыкалык билими бар, ал Бишкектин Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжин бүтүргөн. "Тазалыктагы" жумуштан сырткары рэп ырына кызыгып, ыр жазып жана гитарада ойнойт. Ал эми мастер Алмаз гитарада, пианинодо ойногонду өзү үйрөнүп алган жана абдан жакшы ырдайт, - деди Каракеева.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын август айында "Театральный" сейил багын реконстркуциялоо иштери бүтүрүлүп, "Жашылдандыруу чарбасы" ал жерге чыныгы пианинону алып келип койгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД