Кундуз Жолдубаева: Алга Кылычевге кысым көрсөтүлүшү мүмкүн

Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын бири Замир Жоошев КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев мурдагы президентке каршы көрсөтмө берип жаткандыгын 24.kg маалымат агентствосуна билдирген.

Алга Кылычевдин КСДПнын башка мүчөлөрүнө да, Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө бергендигин белгилеген.

Камактагы Алга Кылычевдин тергөө менен кызматташып жаткандыгы, азырынча тастыктала элек. Бул тууралуу VB.KG редакциясына Атамбаевдин дагы бир жактоочусу – Сергей Слесарев билдирди. Ал белгилегендей, Кылычев менен Атамбаевди көздөштүрүү боло элек.

КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева VB.KG редакциясына берген маегинде, Алга Кылычевге кысым көрсөтүү болушу мүмкүндүгүн божомолдоду.

-Анын тергөө менен канчалык кызматташып жаткандыгын билбейм... Акыркы беттештирүүдө Кылычевдин моралдык жактан маанайы пас болуп тургандыгын байкагам. Анын ден-соолугу да начар, диабет жана астма менен ооруйт. Ошондуктан ага кысым көрсөтүлүп, ушундай ойдон чыгарылган көрсөтмө алышкан болушу мүмкүн, - деп сөзүн аяктады Жолдуубаева.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев 10-августта ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалып, ага карата "Ээнбаштык", "Массалык башаламандыктарды уюштуруу" ж.б. боюнча айыптар тагылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД