Новосибирскидеги массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Новосибирскинин укук коргоо органдары 7-октябрда шаардык Хилокский базарынын жанында, кыргызстандыктардын катышуусундагы массалык мушташтын чыгыш себебин иликтөөнү баштап, кылмыш ишин козгошту.

Бул тууралуу VB.KG редакциясына Новосибирскидеги кыргыз диаспорасынын башчыларынын бири Жаркынбай Тойтуков билдирди.

Ал мушташтын чыгышынын себеби кылмыштуу топтун шаардын базарында иштеген эмгек мигранттарынан акча талап кылгандыгынан болгондугун тастыктады. Бул Кылмыштуу топтун курамында алардын жердештери жана Новосибирск шаарынын бир тургуну болгон.

ММКларда кабарлангандай, массалык мушташка 200гө жакын адам катышкан, бирок, Тойтуковдун айтымында, алардын баарынын тең эле түздөн-түз катыштыгы болгон эмес. Катышуучулардын арасынан 50 адам кармалган, бирок бүгүнкү күнү сурактан кийин баардыгы бошотулган. Кыргызстандык-рекетир жана анын шериктерине кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы азырынча белгисиз.

-Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн колдорунда тапанча жана автомат, ал эми базардын жумушчуларында болгону таш менен таяктар болгон. Мушташ чыккан жерге дароо эле Кыргызстандын генералдык консулдугунун кызматкерлери келишти. Биздин диаспоранын активисттери алар менен бирге бул маселени көзмөлгө алышты. Бүгүнкү күнү базар иштеп жатат, - деди Жаркынбай Тойтуков.

Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен билдиришкендей, бул окуяны иликтөө элчи Аликбек Жекшенкуловдун жеке көзөмөлүнө алынган. Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча, резина октон жаракат алган бир нече адам ооруканага кайрылган. 7-октябрда мушташ чыккан жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери жакын жайгашкан көчөлөрдү тосушкан жана баардык жагын эске алганда аларга атайын каражаттарды колдонууга туура келген.

-Алдын-ала маалыматтар боюнча бир адам жабыркаган, азыркы убакта окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, мушташтын чыгуу себептерин аныктоодо - деп айтылат Новосибирск облусунун ИИМББнын билдирүүсүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД