Жаш кыргызстандыктар "Биздин баатырлар" эл аралык конкурс финалына чыгышты

Москва шаарында "Биздин баатырлар" эл аралык конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды. Анын көрсөткүчтөрү боюнча "Артек" эл аралык балдар борборунун 2019-жылдагы 12-сменасына (17-18-октябрдан 6-7-ноябрга чейин) КМШ өлкөлөрүнөн 34 финалист, анын ичинен Кыргызстандан – үчөө келишет.

Бул конкурс "Роскызматташтык" федералдык агентствосу жана "Бирге жасайбыз!" кыймылы тарабынан, Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт жана жалпы гуманитардык, маданий байланыштарды, патриоттук тарбиялоону өнүктүрүүгө багытталган.

Министрликтен билдиришкендей, 1-сентябрда башталган быйылкы конкурска, 11 өлкөнүн 150 билим берүү уюмдарындагы 7-10-класстарынын 13 миң окуучулары катышкан. Алар өздөрүнүн өлкөсүндөгү жана Россиядагы эмгеги бааланган баатыр адамдар (тарыхий же азыркы учурдагы) жөнүндө сабак даярдашкан. Даярдалган иштердин жарымынан көбү Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган.

Жеңүүчүлөрдү конкурстун уюшутуруучулар комитетинин кеңешмесинде, РФ Агартуу министринин биринчи орун басары Павел Зеньковичтин катышуусунда жарыялашты. Ал бул акциянын ийгилктүү өткөрүлгөндүгүн жана келечекте салттуу түрдө өткөрүлүп калаарын белгиледи.

Конкурстун финалына Кыргызстандан үчөө: Бишкектин Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясынын окуучулары 16 жаштагы Алексей Буренко жана 15 жаштагы Никита Каиль, ошондой эле Антон Чехов атындагы орто мектептин окуучусу 13 жаштагы Асель Турсуналиева өтүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД