Азимбек Бекназаров Малайзияга элчи болуп барабы?

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындала тургандыгы жөнүндөгү маалымат кайрадан кыргыз тилиндеги ММКларда пайда болду. Бул жолу argument.kg басылмасындагы маалымат Малайзиянын Өзбекстандагы элчилигинин дипломаты жөнөткөн катында көрсөтүлгөн.

Бул катта Малайзиянын өкмөтү Азимбек Бекназаровдун Кыргыз Республикасынын Малайзиядагаы толук жана ыйгарым элчи болуп дайындалышына макулдугун билдиргени жазылган.

Эгер бул кат чын болсо, Кыргызстан менен Малайзиянын кат жазышуусу Ташкентте жүргүзүлгөн. Бишкекте Малайзиянын элчилиги жок, консулдук гана бар.

Белгилей кетсек, каттын нактыгын тастыктай турган печать да кол да коюлган эмес, бирок, кириш номери коюлган.

Азимбек Бекназаров мурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына дайындала тургандыгы жөнүндөгү маалыматты четке каккан болчу. Азыркы убакта анын түшүндүрмөсүн алуу үчүн телефон чалууларга жооп бербей жатат.

Бирок Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов VB.KG редакциясынын берген суроосуна, бул кат чын болушу толук мүмкүн деп билдирди.

-Ооба, бул макулдук билдирген жооп кат болушу мүмкүн. Бирок мындай документтин расмий түрдө ММКларда жарыяланышы практикада жок болгондуктан, анын ачыкка чыгып кетиши мен үчүн түшүнүксүз болууда. Эгер, албетте, бул документ фейк эмес болсо, ТИМ системасында же президенттин аппаратында Бекназаровдун Малайзияга элчи болуп дайындалышын каалабаган белгилүү бир күчтөр болушу мүмкүн - деди Кылычбек Султанов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД