Кыргызстандын фильмдери Нальчиктеги кинофестивалда көрсөтүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында Кабардин-Балкар Республиксыннын борбору Нальчик шаарында "Кунаки" Түндүк-Кавказ кино жана теле фестивалынын 13-ачылышы болду. Конкурска катышуу үчүн 56 фильм, анын ичинен Кыргызстандын эки тасмасы тандалып алынды.

Фестивалдын директорунун айтымында, бул кинофорум анын негиздөөчүсү жана биринчи президенти Сулиета Кусованын элесине арналган. Ал былтыркы жылы ноябрь айында Махачкалада, 12-кинофестивалдын жабылышынан кийин дүйнөдөн кайткан. Адегенде элдин демилгеси менен сочилик Лазаревский айылында уюшулган бул фестиваль алгачкы жылдары катышуучуларды Кубанда чогултчу, андан кийин бул россиялык региондун ар кайсы шаарларында өткөрүлүп калды. Ал байыркы кавказдык "кунактар" – ар кайсы улуттардын меймандостугу жана дин тутуму ортосундагы достук деген түшүнүктүн негизинде аталган.

Богатыревдун айтымында, бул конкурстук программанын өзгөчөлүгү ар бир тематика жана режиссура боюнча бири-бирине окшошпогон фильмдер чогултулгандыгында: "Негизинен фестиваль бир нече жылдардан бери эл аралык деңгээлде иштеп келүүдө. Биз дагы ар жылы жаңы катышуучуларды кызыктырып тартууга аракет кылуудабыз". Бул жолу фестивалда Түндүк кавказдык республикалар жана Россиянын башка региондору менен бирге, Сербия, Кыргызстан, Казакстан, Эстония, Абхазия, Белоруссиядан документалдуу фильмдер катышат. Кыргызстандык режиссер Айназ Турдуматованын "Алыс" жана Алижан Насировдун "Ата Бейит" тасмалары тандалып алынган.

Фестиваль 9-октябрга чейин уланат, жеңүүчүлөрдү беш аталыш боюнча баалашат. Ошондой эле "Гран-при" ээси аныкталат. Андан тышкары активдүү ишмердик жана жарандык принцип көрсөткөндүгү үчүн атайын Сулиета Кусова атындагы сыйлыгы да берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД