Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда Россиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

-Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүчүлүк жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер, Россиянын ар тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп өсүүсүнө багытталгандыгы, Россия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына жана жогорку ишенимине татыктуу, - деп белгиледи Жээнбеков.

Ал ошондой эле Владимир Путиндин жеке көңүл буруусу жана конструктивдүү колдоосу менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапаттуу деңгээлге чыкканын баса белгиледи.

-Кыргызстан жана Россиянын көп кылымдык достук жана бирдиктүү тарыхы мындан ары союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүк ортосун бекемдөө үчүн негиз катары кызмат кыларына терең ишенем, - деп айтылат куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД