Бишкекте кайрымдуулук марафону өткөрүлдү

Кече күнү, 6-октябрда борбор шаарыбызда "Мөл Булак Күз Деми" бишкектик эл аралык марафону өткөрүлүп, ага 3 000ге жакын жарышуучулар катышты.

Бул жылы марафон 4-жолу "Жарышкан жүрөктөр" чакырыгы менен өткөрүлүп жана кайрымдуулук мүнөздө болуп, ар бир катышуучу жүрөгү оорулуу балдардын дарылануусуна жардам көрсөтүү катары 100 сомдон кошту.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, марафонго 20дан ашык өлкөлөрдүн: Кыргызстан, Казакстан, Россия, АКШ, Франция, Эстония, Германия, Италия, Кытай, Турция, Катар, Индия, Аргентина, Улуу Британия ж.б. өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

"Вечерний Бишкек" басылмасынын атынан кайрымдуулук жарышына редакциянын кызматкери, дүйнөдө ар кандай жарыштарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп жүргөн Бахтияр Куранбаев катышты. Мындан тышкары ал эркин жана пляж күрөшү, сумо боюнча мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД