Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланышкан иш сотко жөнөтүлдү

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иштин материалдары Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, тергөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге КР Жазык кодексиндеги 43-берененин 2-бөлүмү жана 319-берененин 2-бөлүмү (Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу уюмдун кызыкчылыгында жасалган коррупция) боюнча шектелип жатканы билдирилди.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 2-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага, ЖАМКтын мурдагы башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге, Гематология борборунун башчысы Абдухалим Раимжановго айыптоочу актылары тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД