Жердин ижара акысынан Бишкектин бюджетине 7,1 млн сом түштү

Бишкек шаардык мэриясынын жерди колдонуу жана курулуш Башкармалыгы муниципалдык жерди өз алдынча басып алуу, жарнама курууларын мыйзамсыз орнотууга жол бербөө, ошондой эле физикалык жактардан ижара акысын төлөтүп алуу боюнча активдүү иштерди улантууда. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, жыл ичинде уруксаты жок орнотулган 52 чоң жарнама куруулары жана 23 жарнама такталары алып салынган. Андан тышкары Башкармалык жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында муниципалдык жерди ижарага алгандардан 7 млн 169 миң сом төлөтүп алды.

-Бишкек шаарынын мэриясы тартип бузууларга жол бербейт жана борбордун аймагында мыйзамсыз орнотулган куруулардын жана курулуштардын баардыгы алып салынат. КР "Борбордун статусу жөнүндөгү" мыйзамынын 20-беренесине ылайык, мэрияга муниципалдык менчиктеги мыйзамсыз курууларды, имараттарды жана курулуштардын нормаларын бузуу менен өз алдынча курулуп жаткан жана курулган объектилерди алып салуу укугу берилген, - деп эске салат муниципалитеттин басма сөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД