Эксперт: Жаңы кодекстер укуктук баш-аламандыкка алып келди

Жазык, Бузуу ж.б. жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен, Кыргызстандын укуктук системасы аралашып, эми ал Евразиялык эмес, бирок, Европалык да болбой калды. Бул тууралуу VB.KG редакциясына юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев маек берүү менен, жаңы кодекстер өлкөнүн жашоосуна кандай таасир тийгизүүдө жана дагы кандай таасир бере тургандыгы жөнүндө өз пикирин айтып берди.

-Эгер өлкөдөгү туруксуздукту кааласаңар, анын укуктук системасын өзгөртүп салгыла. Укуктук тармак консервативдүү болуп, тез өзгөртүүлөргө дуушар болбоосу керек. Бүгүн бир эреже менен, ал эми эртеңки күнү башкача соттоого болбойт. Андан тышкары тергөөчүлөрдүн иши өтө көбөйүп кетти. Мурда ар бир тергөөчүгө 50 иш берилсе, азыр 200-300, ал эми айрымдарында 500 иш бар. Ушуну менен бирге иликтөөнүн мөөнөтүн алып салышты, эми тергөөчү ишти шашпай жүргүзө берсе болот. Мындан ким көбүрөөк жабыркайт? Биз экөөбүз, - дейт Кайрат Осмоналиев.

Ал анык мисал келтирди, автоунааны чек арадан өткөрүп алып келип соода жасоочу бизнесмен "клон" (кузовундагы номер башка машинанын кузовундагы номерге дал келген машинаны алып келди дейли. Чыныгы машина Россияда, Белоруссияда же башка өлкөлөрдө болушу мүмкүн - VB.KG). Бул жеңил берене – бажы төлөмүн төлөөдөн баш тартуу. Адам тиешелүү сумманы төлөп бериши керек, ошону менен мыйзам алдында таза болуп саналат. Гражданин бул төлөмдөрдү жана тиешелүү айып пулду да дароо төлөп берүүгө даяр болгон, бирок, тергөөчүнүн бул иш менен алектенүүгө убактысы жок. Андан тышкары жаңы кодекс боюнча тергөөчүгө бул ишти канча кааласа ошонсо создуктуруп, адамды же ары же бери эмес абалда кармоого мүмкүндүк берет.

-Бизнесмен мындай абалдан чыгуу үчүн тааныш издеп, башпрокурордун орун басарына чейин барып, көйгөйдү түшүндүрүп берүүгө мажбур болот, анан жетекчинин колдоосу менен гана, ага айып пулду жазып анан иш жабылат. Мындай болбош керек да! Система саат сыяктуу, башка бирөөнүн жардамы жок иштеши керек. Ал эми бул кодекстер кадимки эле укуктук баш-аламандыкты түзүү үчүн кабыл алынган, - деп сөзүн улантты Осмоналиев.

Эксперт жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жогорку кызматтагы аткаминерлер жана кодекстерди ишке киргизүү тендерлерин утуп алгандар үчүн керек болгон деген ишеничте.

-Кодекстерди ишке киргизүү үчүн биздин жыртык бюджеттен 4 (!) млрд сом бөлүнүп берилген. Миллиондогон сомдук тендерлерди ошол эле адамдар утуп алууда, ал эми акча каражаты көпчүлүк ойлогондой донорлордун эсебинен эмес, мамлекеттик бюджеттен төлөнүп берилет. Кодекстерди иштеп чыккан жумуш топторунун жетекчилери эмгек сиңирген юрист наамын жана сыйлыктарды алышкан. Бир сөз менен айтканда, жөнөкөй элден башкасынын баары, тим эле укмуш, -деди Осмоналиев.

Белгилей кетсек, 2019-жылы январь айында күчүнө кирген жаңы кодекстер коомчулук тарабынан сынга алынган. Депутаттар бул өзгөртүүлөрдүн шашылыш кабыл алынгандыгын жана жаңы эрежелер менен жакшы көңүл бөлүп таанышып чыгууга жетишпей калгандыктарын моюндарына алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД