К. Орозова: Башка өлкөлөрдүн депутаттарынын маянасынан биздики аздык кылат

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өздөрүнүн айлык акысынын өлчөмү жөнүндө БарсМедиа басылмасында маектешүү учурунда айтып беришти.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов 36 миң сом айлык акы өлчөмүнүн 31 миң сомун колуна ала тургандыгын ачыктады.

Анын коллегасы, КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова 25 миң сомдун өлчөмүн атады.

-Депутаттардын айлык акысы тууралуу сурашканында, бул жерде жашыра турган эч нерсе жок. Депутаттын айлык акысы – 25 миң сомду түзөт. Бирок бизде башка иштерибиз көп, анткени менен мындай айлык акы башка өлкөлөрдөгү депутаттардыкына салыштырмалуу аздык кылат, - деди эл депутаты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД