Мэрия эскертет! Таштандыларды өрттөгөндөргө 23 миң сом айып салынат

Борбордун санитардык-экологиялык инспекциясы райондук акимчиликтер менен биргеликте, ар күнү шаардын аймагында текшерүү жүргүзүп жана Бишкекти жакшыртуу жана санитардык нормаларын, чарба субъекттеринин эрежелерин бузгандарды аныктоодо. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шаарда жалбырактарды, таштандыларды, эски буюмдарды, резиналарды жагуу фактылары бар.

-Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерге жалбырактарды жана резиналарды өрттөдөн чыккан түтүн – бул адамдын ден соолугуна зыяндуу ис чыгаруучу газ, ал эми аларды жагуу борбордун абасын булгап жана шаардын биологиялык жашыл бак дарак, өсүмдүктөрүн жок кыла тургандыгын эсиңиздерге салабыз.

Белгилей кетсек, таштандыларды жаккандыгы үчүн КР Бузуу кодексинин 71-беренеси боюнча 23 миң сомго чейинки айып салынат.

71-берене. Тиричилик таштандыларын жана буюмдарын уруксат берилбеген жерлерге ыргыткандыгы жана жаккандыгы үчүн айып салуунун 3 түрү каралган: физикалык жактарга – 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга – 17 миң сом. Өндүрүш таштандыларын жана башка буюмдарды уруксат берилбеген жерде ыргыткандыгы жана жаккандыгы, ошондой эле жалбырактарды жаккандыгы үчүн айып салуунун 4 түрү каралган: физикалык жактарга – 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга – 23 миң сом.

Урматтуу бишкектиктер жана борборубуздун меймандары! Эгер сиздер бул беренелер боюнча бузууну байкасаңыздар, бизге билдирип коюуңарды суранабыз!

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын телефон номери: 0(312) 65 81 59, ал эми фото же видео фактыларды WhatsApp-канал боюнча: 0505 888 315 жөнөтсөңөр болот.

Биринчи май району: 0 555 404 818;

Свердлов району: 0 551 551 475;

Октябрь району: 0 707 373 373;

Ленин району: 0 500 210 470.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД