Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөө аяктады

Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Күч структураларынын маалыматына караганда, бул иш боюнча 19 адам шектелүүдө жана аларга билдирүүлөр берилген. Өлкөдөн тышка чыгып кеткен Бусурманкул Табалдиевге эл аралык издөө, анан ичинен "Интерпол" аркылуу жарыяланган.

-Бул ишке шектүү катары 14 адам тергөө менен кызматташууга макулдук берген, 5 адам кызматташуудан баш тарткан. Шектелгендердин 18 адамы кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыгышты жана 2019-жылы 27-сентябрда кылмыш ишинин материалдары Башкы прокуратурага алынган чечимдин мыйзамдуулугун изилдөө үчүн жана соттун текшерүүсүнө жиберилди, - деп айтылат ИИМ билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, ИИМ Тергөө кызматында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуш факты боюнча, КР Жазык кодексинин 319-беренесине (Коррупция) ылайык сотко чейинки өндүрүш иши иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД