Атамбаевдин тарапташтарын камакта калтыруу мөөнөтү узартылды

7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу айып тагылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары:

Фарид Ниязов – мурдагы президенттин аппарат жетекчиси;

Алга Кылычев – КСДП саясий Кеңешинин мүчөсү;

Кыяз Смаилов – КСДП мүчөсү, Кой-Таштагы "Элдик штабдын" жетекчиси;

Амантур Жамгырчиев – КСДП мүчөсү, "айкөл Ала-Тоо" кыймылынын лидери;

Марат Шаменов – КСДП мүчөсү

жана дагы үч адам 9-декабрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди кече күнү, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинага карата баш коргоо чарасын узартуу маселесин да карады. Жыйынтыгында ал 9-декабрга чейин үй камагында кала турган болду.

Башкы прокуратура И.Карамушкинага Жазык кодексинин 244-беренесинин 3-бөлүмү, 43-беренесинин 2-бөлүмү ("Адамдарды барымтага алууга катышуу") менен айып тагылганы тууралуу маалымдаган. Алгач аны 8-октябрга чейин үй камагына алуу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечими 22-августта чыккан болчу.

Бул иш боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина соцтармактагы өз баракчасына:

-Бизди бир заматта эле кылмыш иши боюнча шектүү жана айыптуу кылып салышты, ал эми прокуратура өз чечиминде: "баш аламандыкты уюштурушту, эмеректерди өрттөштү, курал колдонуу менен каршылык көрсөтүштү жана "Альфа" атайын тобунун кызматкерлерин барымтага алышты деп жазууда... Жок дегенде "Альфаны" бүт дүйнөгө шерменде кылбасаңар боло, анын үстүнө мунун баары прокуратуранын оюнан чыгаргандары, тактап айтканда эч ким буларды уюштурган эмес, алар өздөрү чабуул жасашпадыбы. Курал колдонуп каршлык көрсөтүү да болгон эмес. Бизде кайдагы курал болсун? Кыскача айтканда, алар кармап кетүү боюнча өздөрүнүн кылмыштуу аракетин актоо менен, баардыгын бизге шылтап салышты... – деп жазган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД