Абылгазиев: "Коопсуз шаар" долбоорунун максаты ишке ашууда

Коопсуз шаар" долбоорунун адамдардын өмүрүн сактоо жана жолдордо тартипти камсыздоо максаты ишке ашууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырууга салым кошкон кызматкерлерин сыйлоо аземинде билдирди.

Өкмөт башчы катышкандардын баарын маанилүү окуя менен куттуктап, айтылган сын-пикирлерге карабай, алар пайдалуу милдетти аткарышканын баса белгиледи.

-Көп жылдар бою "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылбай келген. Долбоордун жактоочулары да, каршылаштары да көп болду. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдына коюлган артыкчылыктуу милдеттердин бири "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн жолдорунда коопсуздукту камсыздоо болгон. Биздин позиция бирдей болгондугун долбоор биздин коомго керек экендигин айта кетишим зарыл. "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан колдоого алынган. Тендер ачык-айкын өтүп, бул долбоорду ыкчам жүзөгө ашырууну камсыздады. Бүгүн "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи баскычы ийгиликтүү ишке ашты деп ишенимдүү айтсак болот, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр долбоор ишке киргенден кийин Бишкек шаарынын жана Чъй облусундагы айрым жолдорунда жакшы жыйынтыктар болуп жаткандыгын да белгиледи.

-Долбоордун башкы жетишкендиги – бул авариялардын жана жол кырсыгынын кесепетинен адамдардын өмүрүнүн кыйылышынын азайышы болду. Жалпысынан алганда коомдун бул долбоорго мамилеси жакшы. Ооба, сын-пикирлер да айтылууда, бирок, биз аларды оңдогонго аракет кылуудабыз. Мисалы, айрым эреже бузуулардын айыл пулунун өлчөмү азайтылат, ошону менен бирге жол эрежелерин одоно бузгандарга карата айып пул мурдагыдай эле калтырылат, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД