Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлору жолугушат

КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлорунун Координациялык Кеңешинин кеңешмеси үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Бишкекте өткөрүлөт. Шериктештиктин Аткаруу комитетинен билдиришкендей, кеңешменин күн тартибинде – жыйырмага жакын маселелер каралат.

Бул Кеңеш 1995-жылы түзүлгөн, анын курамына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери кирет. Координациялык Кеңеш кылмыштуулук менен күрөшүүдө, тартипти жана мыйзамдуулукту бузууда, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоодо КМШ өлкөлөрүнүн прокуратураларынын өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташтыгын уюуштуруу боюнча иш жүргүзүп, Шериктештиктин бул тармактагы эл аралык органдарынын иш аракетине координация жасайт.

Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө эл аралык келишимдердин аткарылышын иликтейт, илимий изилдөөлөлөрдү уюштуруп, кылмыштуулук боюнча маалыматтар менен алмашуу жүргүзөт жана прокурордук-тергөө кадрларынын квалификациясын жогорулатууну даярдоого жардам берет.

Бишкекте Кеңештин мүчөлөрү прокурордук ишмердүүлүктүн ар кандай тармактары боюнча тажрыйба алмашуу, прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун келечегин талкуулоо, коррупция менен күрөшүү милдеттери, адамдын укугун жана эркиндигин коргоону жакшыртуу жана башка маселелерди кароо пландаштырылууда.

Кеңешменин катышуучулары ошондой эле биргелешкен антитррористтик программалардын аткарылышы, баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтууга каршы аракеттенүү, миграция жана башка маселелер боюнча 2018-жылдын жыйынтыктарын чыгарышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД