Ушу да борборбу? Түштүк магистралында үч уй жайылып жүрөт

Бишкектин жашоочусу борборубуздун Түштүк магистралында үч уй жайлоодогудай эле жайылып жүргөнүн фотоаппарат менен тартып алып, Facebookтагы өз баракчасына жарыялаган.

Фотосүрөттө чоң жолду экиге бөлгөн тилкеде уйлардын камырабастан жашыл чөптү жеп жатканы чагылдырылган.

-Бишкек айылы – Түштүк магистралы, 2019-жыл, үч уйдун камырабай жайлоодогудай жайылып жүргөн жери", - деп Дмитрий Бондарев фотосүрөттүн астына жазып коюптур.

Ушуга байланыштуу Бишкектин башка тургундары да өздөрүнүн оюн билдирип, борборубуздагы "жайлоолордун" дарегин жазышууда.

"Анкара көчөсүндөгү (Горький) "Кара-Чыгач жайлоосу", бул жерде жай бою эчкилер менен койлор жайылып жүрүштү. Көк-Жар кичирайонунун алдындагы 7-Апрель көчөсүндө жолду экиге бөлгөн тилкесинде да уйлар жайылып жүрүшөт... айылдан эч айырмасы жок...", - деп соцтармактын колдонуучулары шаарыбыздагы "жайлоолордун" даректерин аташууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД