Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын элине куттуктоо жөнөттү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жана түркмөн элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда: "Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген достук мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн мындан ары да жигердүү жана ырааттуу өнүгөт деп терең ишенем. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми Түркмөнстандын элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", - деп айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД