Москва шаарында кыргыз тили Күнүн белгилешти

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Москва шаарындагы "Ресурстук борбордун" чоң залында кыргыз тилине мамлекеттик тил статусунун берилишинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Бул иш чараны Кыргызстандын Россиядагы элчилиги, Москва шаарындагы жана Москва облусундагы "Кыргыз тили" коомунун, "Москва кайрыктары" жана "Аруу дүйнө" адабий клубдарынын өкүлдөрү уюштурушту.

Иш чаранын катышуучуларынын алдында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, Кыргызстандын жазуучулар Союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, М. Ломоносов атындагы ММУнун профессору Марклен Коңурбаев жана башкалар чыгып сөз сүйлөштү.

Аликбек Жекшенкулов кыргыз тили аркылуу дүйнө жүзү "Манас" эпосу сыяктуу укмуш маданий мурасты тааныгандыгын жана бул жердеги ар бир мекендештин негизги маселеси - кыргыз тилин сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү экендигин белгилеп өттү. Элчи ошондой эле бул жактагы үй бүлөлөрдөгү балдарды кыргыз адабиятына, маданиятына жана рухий байлыгына катыштыруу менен тил маданиятын калыптандырууга баардык күчтү жумшоого чакырды.

Мындан тышкары кеченин катышуучуларына концерттик программа да тартууланды. Алар үчүн концерттик программаларды "Жаш тилек" кыргыз тилин үйрөнүү борборунун жаш угуучулары, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин студенттери, "Мурас", "Аян" драма театрларынын артистери, "Мырза-Айым" фольклордук ансамблинин катышуучулары даярдашты. Москвадагы кыргыз адабий клубунун мүчөлөрү өздөрү жазган ырларын окуп беришти, ошондой эле элдик музыка аспаптарынын коштоосундагы чыгармалар аткарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД