Мамкомиссия директорунун орун басары: Мектепке никаб кийип барууга болбойт

Депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин отурумунда Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаевден окуучу кыздардын мектепке никаб кийип барып жаткандыгы жөнүндө пикирин билүүгө кызыгып, суроо берди.

Аткаминер түз жооп бербегенге аракет кылып, бул суроо Билим берүү министрлигинин дарегине тиешелүү экендигин, анткени мектеп формасын кийүү ошол мекеме тарабынан белгилене тургандыгын айтты.

Бирок депутат анын түз жооп берүүсүн талап кылып:

-Урматтуум, мен биздин мамлекет светтик болуп эсептелерин жана мектеп формалары Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыгаарын Сиз айтпасаңыз деле билем. Бирок силердин дагы бул маселеге тиешеңер бар да. Силер эмне кыласыңар? Элге балдарыңарга көзү эле көрүнгүдөй болгон кийимди кийгизбегиле деп түшүндүрүп атасыңарбы?, - деп кызыкты депутат.

-Мектепке никаб кийип барууга болбойт. Биз светтик мамлекетте жашап жатабыз. Бирок бул Билим берүү министрлигинин милдетине кирет, - деп жооп берди Закир Чотаев.

Ал ошону менен бирге акыркы жылдары дин ишмерлери арабдарга жана пакистандыктарга тиешелүү кийимдерди аз кийип калышкандыгын белгилеп өттү.

-Биз КМДБ өкүлдөрү менен улуттук кийимди кийип жүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Алардын көпчүлүгү биздин сунуштарды кабыл алып, ак калпак жана чапандарды кийип жүрө турган болушту, - деди Чотаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД