Курсан Асановдун издөөдөгү уулу өлкөдөн кантип чыгып кеткен

7-8-августта Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын маалыматы угулууда.

Комиссиянын мүчөлөрү Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу чынында эле өлкөдөн качкандыгы же окууга кеткендиги боюнча суроо беришти.

-Адегенде Асановдун уулунан шек саналган эмес. Бирок, биз көрсөтмө алгандан кийин, аны суракка алуу иши пайда болду. Биз керектүү материалдарды чогулттук, бирок, ал Ош облусундагы "Достук" көзөмөл жайы аркылуу Өзбекстанга чыгып кеткен. Эгер Мухаммед-Али Асанов окуу үчүн кеткен болсо, окуп жүрмөк, - деп Аскер прокуратурасынын өкүлү Нуркамал Набиев билдирди.

Эске салсак, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго август айынын аягында Аскер прокуратурасы тарабынан издөө жарыяланган. Мурда укук коргоо органдары 8-августтан 9-августка караган түнү Алмазбек Атамбаевдин резиденциясынан алынган маанилүү документтер салынган пакет Асановдун уулуна берилип жаткандыгы тууралуу видео тараткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД