Кой-Таштагы окуя боюнча Коомдук комиссиянын биринчи жыйыны өткөрүлдү

Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын биринчи жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу VB.KG редакциясына комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, кече күнү Коомдук комиссиянын биринчи жыйыны өткөрүлдү.

-Биз иш чаралардын планын белгилеп, ага ылайык мурдагы президент Атамбаевдин өкүлдөрү менен да, жана күч структураларынын өкүлдөрү менен да жолугушууну пландаштыруудабыз. Биз мурда айтып өткөндөй, биздин максатыбыз Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга калыс саясий баа берүү болуп саналат. Бул үчүн биз Кой-Таш айылынын тургундары менен жолугушууну да пландаштырдык, - деп VB.KG редакциясына Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаев билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстандын жарандарын комиссиянын иши боюнча өз сунуштарын берүүгө чакырды.

-Кыргызстандыктар комиссиянын иши боюнча өз ой пикирлери менен бөлүшүүнү же маалымат берүүнү, кимдир-бирөөсү комиссиянын жыйынына катышууну каалашы мүмкүн. Каалоочулардын баардыгы жазуу жүзүндө же 0508 890202 телефон номерине чалып билдирсе болот, - деп түшүндүрдү ал.

Эске салсак, мурда "Ак калпак" саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев, бийлик тарабынан Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссияга ишеним жок, анткени анын мүчөлөрү калыс иликтөө жүргүзө албайт. Ошондуктан эл толугу менен ишеним арта турган Коомдук комиссияны түзүү зарылдыгы бар, деп VB.KG редакциясына билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД