Аманбай Кайыпов жаңы кызматка дайындалды

Аманбай Кайыпов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун бүгүн, 6-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин аталган кызматта Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович иштеп жаткан. Ал кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Ал эми Аманбай Кайыпов буга чейин өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД