Кой-Таштагы окуялар боюнча комиссиянын жыйыны: Эки жумушчу топ түзүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков комиссия мүчөлөрүн иштин регламенти жана жыйындын күн тартиби менен тааныштырды.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялардын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча эки жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты. Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө комиссия Ички иштер министрлигинин маалыматын укту.

Кийинки жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевдин маалыматы угулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД