Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын телефонун тартып алышты

Тергөөчүлөр депутат Ирина Карамушкинанын телефонун тартып алышты. Бул тууралуу ал Facebookтагы өз баракчасына жазды.

-Тергөөчүлөр менин телефонумду баардык сүйлөшүүлөрдү жана жазышууларды текшерүү үчүн тартып алышты. Мен каршы эмесмин. Телефонду алуу менен алар депутаттын статусун бузушту деп протоколго жаздым. Анткени өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын өкүлүмүн. Мага шайлоочулар, журналисттер жана балдарым көп телефон чалып турушат. Алар сотко арызданыңыз дешти. Күлкү келтирерлик иш. Бүгүн сотко ким ишенет?", -деп жазды депутат.

Эске салсак, депутат Ирина Карамушкина 7-августтагы Кой-Таштагы окуяда Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кишилерди барымтага алганга катыштыгы бар делип шектелип, соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган. Кече күнү аны ИИМ Тергөө кызматына экинчи жолу суракка чакырышкан, бирок, адвокаттын жоктугуна байланыштуу болбой калды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД