А. Крестинин: Ар бир оюнга акыркы беттешүүгө барып жаткандай чыгуу керек

Өткөн жуманын жекшемби күнүндө Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин республиканын спорттук журналисттери менен жолугушуу өткөрдү. Улуттук команданын жетекчиси ММК өкүлдөрүнө берген маегинде жакында боло турган маанилүү оюндар тууралуу айтып берди. Мына 5-сентябрда эле биздин команда Душанбеде 2022-жылы өткөрүлүүчү Дүйнөлүк биринчиликке жана 2023-жылдагы Азиянын биринчилигине тандоо оюндары боюнча Тажикстан командасы менен беттешет.

Адегенде бул оюндарда Кыргызстандын намысын коргой турган оюнчуларды атап кетели.

Дарбазачылар: Павел Матяш, Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков – ("Дордой", Бишкек).

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев (ПКНС, Малайзия), Мустафа Юсупов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Айзар Акматов (баары "Дордой"), Андрей Долженко ("Илбирс", Бишкек).

Жарым коргоочулар: Ахлитдин Исраилов (клубу жок), Бахтияр Дүйшөбеков ("Башундхара кингз," Бангладеш), Эдгар Бернхарт ("Кедах", Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархад Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев (баары "Дордой"), Турсуналы Рустамов ("Худжант", Тажикстан), Одилжон Абдурахманов ("Алай", Ош), Алимордон Шукуров ("Болуспор", Турция).

Чабуулчулар: Абай Боколеев ("Илбирс", Бишкек), Виталий Люкс ("Ульм-1846", Германия), Эрнист Батырканов ("Дордой"), Мирлан Мурзаев ("Доган Т.Б.", Түндүк Кипр).

Азыр курама команда машыгууларды "Абдыш-Ата" (Кант) спорткомплексинин футбол талаасында өткөрүүдө. Тилекке каршы, команданын сыноо оюнун өткөрүү мүмкүн болбой калды, анткени, бул үчүн футбол федерациясы атаандаш команданы таба албай калды.

Биздин тандалма топто дүйнө жана Азия биринчилигине жолдомо алуу үчүн Япония, Монголия, Мьянма жана Тажикстан командалары ат салышмакчы.

-Албетте, топтун лидери болуп – Япония командасы эсептелет. Анткени бул команда азиялык биринчиликтердин жана Олимпида оюндарынын катышуучусу болуп келүүдө. Бирок мен биздин оюнчуларга футболдо утулбаган атаандаштар болбойт, баары биздин өзүбүзгө байланыштуу деген кеңешимди берүүдөмүн жана муну менин жигиттерим жакшы түшүнүп калышты. Айтмакчы, Мьянма жана Монголия командалары менен болуучу оюндар да жеңил өтпөйт, азыр баардык өлкөлөрдө футбол тез өнүгүүдө. Ошондуктан ар бир оюнга, акыркы жана чечүүчү беттешүүгө барып жаткандай чыгуу керек, - деди Александр Крестинин.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД