И. Карамушкина: "Камай беришсин, бирок, унчукпай отура берүүгө болбойт"

Бүгүн VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сессиясынын салтанаттуу ачылышына, 7-августтагы барымтага алуу иши боюнча үй камагына алынган депутат Ирина Карамушкина катышкан жок. "Ооруканада болдум" деди парламент депутаты, ушуну менен бирге ал кол тийбестикти алып салышкандыгын, бирок, депутаттык мандаты калтырылгандыгын белгиледи. Ошондуктан күн тартибин, мыйзам долбоорлорун талкуулоодон тышкары, Карамушкина пленардык отурумда, "Башкалар" бөлүмүндө " Кой-Таштагы окуялар боюнча маселени көтөрүүгө ниеттенүүдө.

-Кой-Ташта (Атамбаев кармалганга чейин – ред.) биз шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жаттык. Ал жерге Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынан адамдар келип турушту. Андагы биздин бул аянтчабызды талкалап салышканы боюнча маселени мен көтөрбөйм. Анткени "Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзам боюнча кайсы өлкөдө болбосун, партия демократиянын жолу менен баратса, мындай оппозициялык аянтча болушу керек. Ал эми бийликтегилер болсо өзү жасаган иштери менен дүйнөлүк коомчулуктун алдында өлкөнүн кадыр-баркын түшүрүштү. Оппозициялык эки каналды жаап салышты, партиянын кеңсесине уялбастан камак салышты. Бизге чогулууга мүмкүндүк бербей жатышат, партиянын баардык эсептерине камак салынды, тактап айтканда, Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишине шылташып, бизди толугу менен финансылык булактарыбыздан ажыратып салышты. Ал мурда эле партиянын катарынан чыккан болсо да, бизге иш жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей жатышат. Соттордо биз эч нерсени далилдей албай жатсак, адвокаттардын далилдерин эч бир угуп коюшпады. Соттук процесстер жабык режимде өтүүдө. Бул маселелерди көтөрүш керек, эч нерсе болбогондой түр көрсөтүп, унчукпай отура берүүгө болбойт. Бүгүн бул Атамбаеге тийиштүү болуп атса, эртең бийлик мыйзамды бузуп жаткандыгын ачык айткан ар бир жаранга тийиштүү болуп калат, - деп VB.KG редакциясына пикирин билдирди Ирина Карамушкина.

Ошондой эле депутат КСДП жаштар канатына да өтө катүу кысым көрсөтүлүп жаткандыгын билдирди.

-Биздин жаштар канатынын кыз-жигиттери баардык балдар үйлөрүн кыдырып, алардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруп, тренинг өткөрүп, балдар менен футбол, волейбол ойноону каалашкан эле. Команданы жыйнап, Беловодскидеги балдар үйүнүн директору менен макулдашып койгонбуз, бирок, бийликтегилер муну билип калышса керек, жыйынтыгында, директор бизге телефон чалып, кечирим сурап, "бизди кабыл ала албай тургандыгын" билдирди. Менин оюмча, ага да кысым көрсөтүштү, - деди парламент депутаты.

Ал эми Карамушкинанын өзү жөнүндө сөз кылсак, ал дагы саясий кысым жасалып жаткандыгын сезүүдө. Кесиптештеринин арасынан ага Карамат Орозова менен Асел Кодуранова гана колдоо көрсөтүшүүдө. Калгандары "ишиң кандай?" деп сурап коюшканга жарашкан жок.

-Мени барымтага алуу, массалык баш-аламандыкты уюштуруу боюнча айыпташууда, бирок, эч кандай далилдөө базасы жок. Бийликтегилер менин эч бир ишке кийлигишпей, тынч жашап, унчукпай отурушумду каалап, кысым көрсөтүү рычагын колдонууга аракет кылышууда. Бирок, мен чыныгы социал-демократмын. Эгер камай турган болсо, камай беришсин, андан кийин эмне болмокчу? УКМКнын камоочу жайы небак эле толуп калган, алардын жарымы жөн гана Атамбаевдин тарапташтары болгондугу үчүн саясий туткундар катары камалып отурушат. Мыйзамдар, Конституция бузулууда, Кой-Таштагы жеке үйдүн аймагына куралдуу чабуул коюп кирип барышып, бийликтегилер укук талаасынан чыгып кетишти. Эми болсо мунун баарын бизге таңуулап салгылары келип жатат. Биз унучукпай отура берүүгө укугубуз жок, бул элге чыккынчылык кылуу менен барабар, - деп Карамушкина сөзүн жыйынтыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД