Текебаев: Эгер Жээнбеков мыйзамсыз иштерге барса, ал дагы жооп берип калат

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусундагы кичи мекени Базар-Коргон районунда өзүнүн тарапташатры менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууда Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары жана Текебаевдин саясий тарапташтары чогулду. Бул тууралуу elgezit.kg басылмасы билдирди.

-Сооронбай Жээнбековго карата да өз пикиримди билдиргим келет. Сот залынан чыгаарым менен, мен мини-брифинг берип, азыркы президенттин дарегине жакшы сөздөрүмдү айткам. Интернетте дароо эле, мына Текебаев азыркы бийликке сатылып кетти деп жаза башташты. Дагы бир жолу кайталап кетким келет, мен Атамбаевдин катуу каршылашы болсом да, баардыгы мыйзам чегинде жана адилеттүү болушу керек деп эсептейм. Эки дос бийлик талашты дешет, мүмкүн ал ошондойдур, биз аны билбейбиз. Мени бул кызыктырбайт. Мени мурдагы президент Атамбаевдин мыйзамды бузгандыгын ачыктаган жыйынтык көбүрөөк кызыктырат, анын кол тийбестиги алынып, кылмыш иши козголду, азыр тергөө иштери жүрүүдө," – деди ал.

Саясатчынын пикири боюнча, бул мындан ары Кыргызстанда чексиз бийликте отурган хан болбой тургандыгын билдирет.

"Азыр Роза Отунбаевадан башка мурдагы президенттердин баардыгынын мыйзам алдында жоопкерчлилиги каралууда. Сооронбай Жээнбеков чоң милдетти алып, ишин түз жүргүзүүдө, эгер ал мурдагы президенттерге окшоп, мыйзамсыз иштерге бара турган болсо, 4 жылдан кийин ал дагы жоопко тартылып калат," – деп билдирди Текебаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД