Баңгизаттар кайдан, кантип жана кайсы жакка ташылат

Кыргызстандын аймагынан алынып өтүлүүчү бангизаттардын көпчүлүк бөлүгү түштүктөн – Афганистандан Тажикстан аркылуу ташылат. Бул жерде баңгизатын ташыгандар күч органдарынын колу таза эмес кызматкерлери жана чек арага чектеш жайгашкан айылдардын тургундары, чабандар менен сүйлөшүп алышат. Бул тууралуу VB.KG редакциясына булактардан билдиришти.

-Чек арага чектеш жайгашкан райондордун калкы жакыр жашайт. Ошондуктан алар баңгизатын ташыгандар менен сүйлөшүп алышып, аларга жардам берип турушат. Тоолордун арасына баңгизаттарды катып, байкалбай өтүүчү жалгыз аяк жолодорду көргөзүшөт. Ушундай болгону менен Кыргызстанда баңгизаттарынын 1-2 пайызы гана кармалып, калгандарынын баары бир канча кымбат баага сатылчу Казакстанга жана Россияга өткөрүлөт. Россия Федерациясында бир килограмм героинди көмүскө рынокто 10 миң доллардан ашык баада сатса болот. Азыр аларга химиялык баңгизаттар да кошулду. Афганистанда аларды даярдоочу заводдор иштетилүүдө. Кыргызстанда негизинен жеңил баңгизаттар, мисалы, гашиш колдонулат. Анын бир кутучасы үчүн 5-8 миң сом сурашат. Ошондой болсо да бул "иш" менен алектенгендерди ошол эле күч органдарынын кызматкерлери "калкалап" турушат.

Баңгизаттарын ташыгандар менен күрөшүү, чуулгандуу жел тегирмени менен күрөшүүнү эске салат, себеби бул иште өтө көп өлчөмдөгү акча айлантылат, деп эсептейт булактагылар.

-Мага баңгизаттарын ташуу маселеси менен алектенген кызматтагылардын арасындагы "кроттор" менен бат-бат кезигишүүгө туура келет. Биз баңгизат сатылуучу жашыруун жер жөнүндө маалымат алып, аякка жеткиче эле баңгизат саткандарды эскертип коюшкандарына күбө болосуң. Өзгөчө бул цыгандарга тиешелүү, ал жакта ири өлчөмдөгү акчалар айлантылат жана күч органдарынын айрым кызматкерлери андагы тузакка түшүшөт. Буга мисал катары, жакында Германияда 700 кг героин менен жүк ташуучу автоунаанын кармалганын айтсак болот. Мында алардын жардамы жок мындай иштин болушу мүмкүн эмес, - деп булактагылар белгилеп өттү.

Мурда Кыргызстандын аймагынан өтүүчү наркотрафиктин куратору экс- президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш болгон, деп булактагылар эске салды.

-2010-жылдагы революциядан кийин баңгизатына байланышкан абал бир аз өзгөрүп жана кандайдыр-бир деңгээлде басаңдап калган. Ошол эле террористтер баңгизаттардын эсебинен "жан сакташат" эмеспи. Азыр алар жүргөн ордун Жакынкы Чыгыштан Афганистанга которушкан. Опреативдүү маалыматтар боюнча алар бул жерде баңгизаттарды өндүрүү менен олуттуу түрдө алектенип жатышат. Ал эми Орто Азия алар үчүн баңгизаттарды ташып өтүүгө абдан ылайыктуу жер болуп саналат. Ошондуктан баңгизаттар коркунучу улана бермекчи, - деп түшүндүрдү булактагылар.

Редакциянын маектешүүчүсүнүн пикири боюнча, биздеги "Түндүк-Түштүк" автожолунун курулушу өзгөчө коркунуч жаратышы мүмкүн.

-Азыр баңгизаттарды сатуучуларга товарды ташуу үчүн ар кандай жолдорун тандоого туура келет. Курулуп жаткан жаңы жол эли жок алыс, ээн жерде жайгашкан. Ошондуктан эгер тиешелүү чаралар көрүлбөсө, бул жол кылмышкерлердин көзүнө урунаары белгилүү. Бул жолго жакын жайгашкан региондордогу элдин баңгизаттарды колдонуусун көбөйтүп жибериши мүмкүн, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД