Кыргызстандык фильм Россиядагы фестивалдын сыйлыгына татыктуу болду

2019-жылы 24-27-августта Россияда өткөрүлгөн "Күмүш Ак боз ат" IV Эл аралык кинофестивалында кыргызстандык фильм "Аврора" мыкты режиссерлук иш үчүн сыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com сайты билдирди.

"Күмүш Ак боз ат" Эл аралык кинофестивалынын сыйлыгын атактуу түркмөн кинорежиссеру Ходжакули Нарлиев тапшырды. Сыйлыкты "Аврора" фильминин аткаруучу продюсери Нурлан Анарбаев алып, фестивалдын уюштуруучуларына, жюриге ыраазычылыгын билдирүү менен, аны сөзсүз түрдө режиссер Бекзат Пирматовго алып барып берерин белгиледи.

РСФСР эл артисти Шакуров Сергей Каюмович кинофестивалдагы жюринин төрагасы болду. Ошондой эле жюринин курамына белгилүү жазуучу Мона Чобан (Болгария), кино жана телережиссер Киреева Гузэль Фаизовна (Москва), кинорежиссер, сценарист, кино жана театрдын актеру Альгис Арлаускас (Испания), атактуу россиялык кино жана театр актеру Петренко Игорь Петрович жана башкалары киришкен.

Мындан тышкары Башкыртостан киноматографисттер уюмунун "Малик Якшимбетов атындагы улуттук дух" атайын сыйлыгы Кыргызстандын дагы бир мыкты "Дарак ыры" фильмине (режиссеру Айбек Дайырбеков) тапшырылды.

Белгилей кетсек, кино режиссер Бекзат Пирматов Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Приматовдун бир тууган иниси болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД