Сапар Исаковду кайрадан УКМКнын тергөө абагына которушту

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун УКМКнын тергөө абагына которушту. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов соцтармактагы өз баракчасына жазды.

Анын айтымында, Сапар Исаковдун абалы оор бойдон калууда.

-Ошого карабастан аны тергөө абагына кайрадан которушту. Муну алар аны соттук процесске алып келиш үчүн жасашты. Бул жерде медициналык аныктамаларды берүү атайын кызматтагыларга көз каранды, так ошолордун таасири аркасында ооруп жаткандар "ахывалы жакшы", ал эми ден соолугу тазалар "катуу оорулуу" болуп чыга келишүүдө, - деп белгиледи юрист.

Эске салсак, Сапар Исаков бир жылдан ашык убакыттан бери бир нече эпизоддор боюнча коррупцияга шектелип камакта отурат. Үстүбүздөгү жылдын 16-августунда ал ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу ооруканага жаткырылган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД