Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагында болот

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагында болот. Мындай чечимди кече күнү, 27-августта Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүнөн кийин, ИИМ тарабынан ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен, "милициянын кызыкчылыгын саткандыгы" жана ага карата "ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн" министрдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилди. Мындан тышкары генералдын айдоочу-жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу да кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД